2024-жылдын 31-майынан 2-июнуна чейин компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган программалоо жана графикалык дизайн боюнча студенттер арасында Республикалык чемпионат болуп өттү. Мелдеш Ж.Баласагын атындагы КУУнун КТЖИ институту жана “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялык агенттиги менен биргеликте уюштурулду.

Бул чемпионаттын алкагында  билим берүүдөгү “Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу”, “Веб-технологиялар” жана “Графикалык дизайн” багыттары боюнча актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган коммуникация форуму өткөрүлдү.

Чемпионаттын ачылышында төмөнкү спикерлер куттуктоо сөздөрүн айтышты:

• Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору, профессор Ишекеев Назаркул;

• БРИКС Ишкерлер кеңешинин Кытайдагы бөлүмүнүн төрагасы Dr. Liu Zhenying;

• Кемён университетинин профессору Пак Кихён (Корея Республикасы) (онлайн);

• «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитация агенттигинин директору Эсентаев Эрик Аскарбекович.

Чемпионаттын демөөрчүлөрү жана байге фонду:

– БРИКС академиясы – 1500 АКШ доллары жана Кытай Эл Республикасындагы сынактарга жолдомо;

– Корея Республикасынын Кемён университетинин LUPIC долбоору – 700 АКШ доллары;

– Ж.Баласагын атындагы КУУ – 100 000 (жүз миң) сом.

Чемпионаттын финалдык баскычында КУУнун ректору Төлөбек Абылович Абдырахманов жана БРИКС Ишкерлер кеңешинин Кытайдагы бөлүмүнүн төрагасы Dr. Liu Zhenying катышуучуларга акчалай сыйлыктарды жана ыраазычылык каттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктады:

“Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу” багыты боюнча, БРИКС академиясынын байге фонду:

1-орун – “ZSA” – Кыргызстан Эл аралык университети –700 АКШ доллары.

2-орун – “White Apps (Inai)” – Кыргыз-Герман колдонмо информатика институту (INAI) – 500 АКШ доллары;

3-орун – “Best Branch” – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту – 300 АКШ доллары.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун байге фонду «Веб технологиялар» багыты боюнча:

1-орун – “Аралаш” Кыргыз-Герман  колдонмо информатика институту (ИНАИ) командасы – 25 000 сом;

2-орун – “True” командасы – Ж.Баласагын КУУнун Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту – 15 000 сом;

3-орун – “ЫМУ” командасы – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – 10 000 сом.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун байге фонду «Графикалык дизайн» багыты боюнча:

1-орун – Ниязов Төлөгөн (видео) – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту – 25 000 сом;

2-орун – “TENIR” командасы – Ала-Тоо университетинин IT колледжи – 15 000 сом;

3-орун – “Vivid” командасы – Ала-Тоо университетинин IT колледжи – 10 000 сом.

Добавить комментарий