2024-жылдын 29-май күнү Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Hult International Prize эл аралык программасынын кийинки баскычына катыша турган “Энактус Кыргызстан” программасынын командалары менен жолугушту.
Эл аралык программанын кийинки баскычына Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Көчмөндөр бакчасы” (Nomad Garden) долбоору менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Таза бол” (Be Clean) жана “Eco Pakhta” (Эко Пахта) долбоорлору жолдомо алган.
Министр командаларды жетишкен ийгилиги менен куттуктап, “Умтулуу болгон жерде чоң ийгиликтер жаралат”, – деди.
Жолугушууга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов, “Энактус Кыргызстан” уюмунун аткаруучу директору Гульбарчын Суюнова катышты.
Аталган Эл аралык программага быйыл дүйнө жүзү боюнча 10 миңден ашуун стартап-долбоорлор катышууга арыз берип, анын ичинен 400гө жакын долбоор кийинки баскычка өткөн.
Борбордук Азиядан кийинки этапка Кыргыз Республикасынан 3 долбоор өтүп, алар Бостон (АКШ), Монтеррей (Мексика) жана Лиссабон (Португалия) шаарларында өтүүчү оффлайн саммитке катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Эгерде Кыргыз Республикасынын командалары оффлайн саммитке катышып, акселерация программасын ийгиликтүү аяктаса, октябрь айында Лондондо өтө турган финалга өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Программанын финалист-командасына 1 000 000 миллион доллар өлчөмүндө байге берилет.
(С) Текст менен фото Билим берүү жана илим министрлигинин Фейсбук баракчасындагы материалдан алынды


