2024-жылдын 27-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн ага окутуучулары Бурул Элебесова жана Фаризат Курамаева “Өзбекстан түркологдорунун 1-форуму” аттуу түркологдор форумуна катышышты.
Форум Өзбекстандын борборунда жайгашкан Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети тарабынан уюштурулду. ТМЧТУ ректору, проф. Рихсиева Г.Ш. форумду ачып берип, Өзбекстанда 1-түркологдордун форуму өтүп жаткандыгын, буга албетте өзбек тили жана адабияты, тарыхы, маданияты боюнча иш алып барган окуу, илимий мекемелер, кафедралар жана факультеттердин салымы чоң экендигин белгиледи. Түркия, Россия, Европа өлкөлөрү, Түрк дүйнөсүндөгү азыркы түркологиялык тенденцияларды таанып үйрөнүүдө Өзбекстандын түркологдорунун да салымы чоң экендигин айтты. Ошондой эле, бул форумга Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстандан да билдирүүлөр менен окумуштуулар катышып жатканыдыгы орток долбоорлордун ишке ашып жаткандыгына байланыштырып, катышуучуларга ийгилик каалап, түркологдор форуму көп илимий изилдөөлөрдүн жанданышына, билим берүүдө чоң ийгиликтерге жетүүгө жана илимпоздордун Түрк дүйнөсүнүн тилин, адабиятын, тарыхын жана маданиятын орток план менен иштеп чыгуусуна жол ачарын белгиледи.
Андан соң форумда Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркиядан окумуштуу-түркологдор Түрк дүйнөсү боюнча түрдүү багыттарда илимий билдирүүлөрдү жасашты. Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к., ага окут. Бурул Элебесова “Kırgız ve Türk Şiirinde ‘Ömür’ ve ‘Ölüm’ Kavramları” деген темада пленардык бөлүмүндө доклад окуду. Ал эми ага окутуучу Фаризат Курамаева “Çağdaş Kırgız, Türk ve Azerbaycan Dillerinde Relikt Hal Eklerinin Gramatik Anlamları” деген темада билдирүү жасады.
Ошондой эле, форумга катышкан окутуучулар университетибиз жана Түркология жана котормо таануу бөлүмү тууралуу маалымат беришти. Отурум башчылары билдирүүлөрдүн жогорку деңгээлде даярдалгандыгын баса белгилешип, окуу, методикалык, окуу боюнча кызматташууга чакырышты.
Жалпы жыйын жана секциялык иштердин жүрүшү гибриддик форматта өттү.
Белгилей кетсек, форумга катышкан окутуучулар 2024-жылдын 1-майында университеттин жолдомосу менен Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университетине барышат.
(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы