2023-жылдын 11-августунда кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жайгашкан 7-окуу имаратында жылуулук системасын капиталдык оңдоо жумуштары башталды. Көптөгөн жылдардан бери эскирип, айрым участоктору дээрлик чирип калган трубалар менен радиаторлорду алмаштыруу иштери Япониянын эл аралык кызматташтык агентствосу (JICA) тарабынан каржыланып, “Урбан ” курулуш компаниясы тарабынан аткарылууда.

Аталган компаниянын бригадири Мухаммед Урсеитовдун айтымында, учурда имараттын бардык кабаттарындагы эски трубалар, радиаторлор демонтаждалып, 2-кабатта жаңылары орнотула баштады. – Жумушту сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз, – дейт курулуш компаниясынын бригадири.

Добавить комментарий