2023-жылдын 16-август күнү 6-окуу имаратында Улуттук университеттин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда бюджеттик жана контракттык орундарга абитуриенттерди кабыл алуунун соӊку, 5-туру жыйынтыкталды. Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев алып барган жыйынга онлайн жана офлайн режимде факультет декандары катышып, интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор, ваканттык орундар тууралуу маалымат берип, өздөрү жетектеген факультеттеги багыттар боюнча өткөрүү баллын сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында “5 турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетке жалпысынан 3 миӊ 352 абитуриент катталып, окуйм деген оюн билдирди. Ал эми 4-турдун жыйынтыгы менен 2 миң 638 абитуриенттин документтери менен окуу төлөмдөрү кабыл алынды. Былтыркы кабыл алууда 110дон жогору балл алган абитуриенттердин саны 45 миӊден ашкан болсо, быйыл 29 миӊден эле ашуун болду. Бул факторду эске алсак, биздин статистика боюнча, Улуттук университет кабыл алуу боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен 1-орунда турат. Ошондуктан, жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, быйыл окууга тапшырган абитуриенттердин көрсөткүчү жакшы”.

Жыйындын соңунда окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев жогоруда айтылган сандар жакшы көрсөткүч экендигин, кабыл алуу кампаниясы жалпысынан жакшы өткөндүгүн белгилеп, Изат Усенов жетектеген кабыл алуу комиссиясынын кызматкерлерин куттуктап, ректораттын жана өзүнүн атынан аларга терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады жана 5-турду жабык деп жарыялады.

Кыргыз-кытай институтунун директору Софья Апаева 6 жылдан бери кабыл алуу комиссиясында иштеп келе жаткандыгын, быйылкы кабыл алуу өзгөчө, ийгиликтүү өткөндүгүн айтып, бул ийгиликке алып келген өзгөчөлүктөрдү белгиледи жана Университет менен кабыл алуу комиссиясынын жетекчилигине кабыл алуу кампаниясын жакшы уюштуруп, түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн өзүнүн жана кесиптештеринин атынан ыраазычылык билдирди.

5-турдун жыйынтыгы менен «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасынан https://2020.edu.gov.kg жана кабыл алуу комиссиясынын атайын стендинен таанышууга болот.

Добавить комментарий