2026-жылдын 28-сентябрында башкы имараттагы чон жыйындар залында Бажы иши жана логистика факультетинин «Бажы иши» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды. Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата «Эне тилим — байлыгым» аттуу майрамдык иш-чара да болуп өттү. 

Салтанаттуу жыйынга КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев катышып, эне тилдин улут тарыхындагы, маданиятындагы жана коомдогу өзгөчө ордуна токтолуп, студенттерди мамлекеттик тилди аздектеп, туура сүйлөө маданиятын сактоого жана аны андан ары өнүктүрүүгө жигердүү салым кошууга чакырды.

Иш-чаранын өзгөчө урунттуу учуру — белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун катышуусу болду. Улуттук рухту чыңдаган улуу «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, залга майрамдык жана сыймыктуу маанай тартуулады.

Жыйындын жүрүшүндө он күндүк ичинде студенттер арасында өткөрүлгөн сынактардын (көркөм окуу, эссе жазуу, видеоролик тартуу, сүрөт жана стенд көргөзмөлөрү) жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Өзгөчөлөнгөн таланттуу жана жигердүү студенттерге атайын ардак грамоталар менен эстелик сыйлыктар тапшырылды. 

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгүндө «Бажы иши» адистигин ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө дипломдорду салтанаттуу тапшыруу аземи өттү.

Факультет деканы Р.Т.Ибраимов бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, университеттен алган билимин өлкөнүн өнүгүшүнө жана бажы тармагын чыңдоого жумшоого тилектештигин билдирди.

Иш-чара Бажы иши жана логистика факультетинин студенттери тарабынан даярдалган мазмундуу концерттик программа менен жыйынтыкталды.

(С) Токталиева А.К. — окуу иштери боюнча декандын орун басары