2026-жылдын 28-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу Япониядан келген IT компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Проректор университет жана Кыргыз-япон институту жөнүндө жалпы маалымат берип, Япониялык өнөктөштөр менен аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Япониядан келген ар бир компания өзүлөрүнүн ишмердүүлүктөрү жөнүндө кыскача айтып, Кыргыз-япон институтунун студенттерин практика өтүүгө жана окуусун бүткөндөн кийин өзүлөрүнүн компанияларына жумушка алууга даяр экендигин билдиришти.

MINERVA Co. Ltd. компаниясынын президенти Odagiri Eiji:

MINERVA компаниясы мобилдик байланыш, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, коопсуздук системалары жана электр жабдууларын орнотуу тармактарында иш алып барат. Компания видеокөзөмөл камераларын, имаратка кирүүнү башкаруу системаларын жана тармактык жабдууларды да сунуштайт.

TSP Co. Ltd. компаниясынын президенти Ogawa Tatsuya:

TSP компаниясы видеокөзөмөл жана коопсуздук системалары боюнча адистешкен. Ал кардардын муктаждыгына ылайык системаны сунуштоодон тартып, жабдууларды орнотууга жана техникалык тейлөөгө чейин кызмат көрсөтөт. Компания кадрларды тандоо жана жөнөтүү менен да алектенет.

U-SHIN Co. Ltd. компаниясынын президенти Nakahara Ryo:

U-SHIN компаниясы чет өлкөлүк адистерди жумушка орноштурууга көмөктөшөт жана ишканаларга кызматкерлерди жөнөтөт. Ошондой эле тазалоо кызматтарын, анын ичинде мейманкана бөлмөлөрүн тазалоону аткарат. Компания жумушка алуу жол-жоболорунда жана кызматкерлерди ишке киргизүүдө колдоо көрсөтөт.

Digital Knowledge Co., Ltd. компаниясынын директору Noguchi Yasuyuki:

Digital Knowledge компаниясы билим берүү тармагындагы санариптик технологияларга адистешкен. Ал мектептер жана ишканалар үчүн онлайн окуу системаларын жана окуу материалдарын иштеп чыгып, аларды пайдаланууга көмөк көрсөтөт. Компания Өзбекстандагы Japan Digital University аркылуу эл аралык билим берүү ишмердүүлүгүн да жүргүзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты улантуу аркылуу биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди иш жүзүнө ашырууга даяр экендигин ар бир тарап билдиришти жана ал иштер университеттин билим берүү, илимий жана эл аралык байланыштарын өнүктүрүүдө маанилүү экендигин белгилешти.

Иш-чарага КУУнун эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин директору Бактыбек Келдибеков жана Кыргыз-япон институтунун директору Такахара Дайсуке катышты.

(С) Жеңиш Бексултанов — директордун эл аралык байланыштар боюнча орун басары