2026-жылдын 29-сентябрында Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кэмбридж университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Даррен Перрет мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кембридж университетинин өкүлүнүн Кыргыз улуттук университетине, анын ичинде Чет тилдер институтуна алгачкы жолу келип жатканы белгиленип, аталган институтта ишке ашырылып жаткан AELLCA (Accelerating English Language Learning in Central Asia) программасынын негизги багыттары, Кыргызстандагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана англис тилин окутуу жаатындагы мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды. Өзгөчө мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү, заманбап окутуу методикалары, инклюзивдүү билим берүү жана болочок мугалимдерди даярдоо маселелерине көңүл бурулду.

Ректор Догдурбек Чонтоев Кембридж университетинин жетекчилиги менен түз байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин белгилеп, билим берүү, илимий-изилдөө жана академиялык өнөктөштүк багыттарында өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга Кыргыз улуттук университети даяр экенин билдирди.

Жолугушууга КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев да катышты. Ал университеттин ишмердүүлүгү, билим берүү программалары жана негизги багыттары тууралуу маалымат берип, эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде доктор Даррен Перрет Кембридж университетинин негизги максаты билим берүү, окутуу жана илимий-изилдөө аркылуу коомдун өнүгүшүнө эл аралык деңгээлде салым кошуу экенин белгиледи. Буга катар  доктор Даррен Перрет Кембридж университети менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташтыкты белгиленген багыттар боюнча мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушууга о.э. AELLCA долбоорунун Кыргызстандагы менеджери, Британдык Кеңештин өкүлү Вадим Старков да катышты.

* * *

Ушул эле күнү Даррен Перрет мырза Чет тилдер институтунун жетекчилиги жана англис тили багытында эмгектенген окутуучулар менен жолугушуу өткөрдү.

Белгилей кетсек, КУУнун Чет тилдер институту Кэмбридж университети менен Британдык Кеңеш аркылуу эки жылдан бери кызматташып келет. Бул кызматташтыктын алкагында 2025-жылы институттун кызматкери Асель Мамытова Кэмбридж университетине иш сапары менен барып, англис тилин окутуу жаатындагы эл аралык тажрыйба менен таанышкан.

AELLCA долбоору Британдык Кеңеш тарабынан Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, Борбордук Азия өлкөлөрүндө англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен билим берүү демилгелерин өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Кэмбридж университетинин өкүлүнүн Чет тилдер институтуна болгон бул сапары институттун эл аралык өнөктөштөр менен түздөн-түз кызматташтыгын бекемдөөгө жана англис тилин окутуу багытындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого шарт түздү.