2026-жылдын 11-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп тармактуу инстититутунун жаңы ачылган окуу имаратында быйылкы жылдын бүтүрүүүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул окуяга арналган салтанаттуу жыйында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев алгач билим берүү тармагына, жаштарга жана аймактарды өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирип, өлкө башчысынын колдоосу менен Улуттук университеттин Таластагы көп тармактуу инстититутунун жаңы имараты курулуп бүткөндүгүн баса белгиледи жана «Эми биздин алдыбызда чоң милдет турат. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү, санариптик технологияларды кеңири колдонуу жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо — биздин негизги максаттарыбыздын бири.” –деди.
Андан соң ректор Таластагы көп тармактуу инстититуттун быйылкы бүтүрчүүлөрүнө дипломдорду тапшырды.
Билим берүүгө жаңы дем берген маанилүү иш-чара университеттин Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Диплом тапшыруу аземи КУУнун расмий сайтында жана соцтармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлүп турду.
Ушундай эле иш-чаралар бүгүн Улуттук университеттин Баткен аймактык көп тармактуу институтунда, С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда, Сүлүктүдөгү А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунда, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунда, Кызыл-Кыядагы М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институтунда бир мезгилде болуп өттү.
Таластагы көп тармактуу инстититуттун жаңы имаратынан көрүнүштөр…