2026-жылдын 20-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев юбилейлик Ысык-Көл форумунун алкагында Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда өткөрүлгөн Кытайдын белгилүү жазуучусу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь мырза менен Азербайжандын көрүнүктүү жазуучусу Анар Расул Оглы Рзаев жана Андрей Кахарович Рейзвихтин китептеринин бет ачар аземине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ректор Мо Янь мырзага Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, о.э. билим берүү жана илим тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору» наамынын дипломун тапшырып, мантиясын кийгизди.
Нобель сыйлыгынын лауреаты өз сөзүндө көрсөтүлгөн жогорку сый-урмат үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, маданий жана адабий байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.