2026-жылдын 28-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде LUPIC долбоорунун алкагында жасалма интеллект жана санариптик көндүмдөр боюнчаКорея Республикасынын Кемён университетинин колдоосу менен уюштурулган окуу курсунун экинчи агымын аяктаган бүтүрүүчүлөргө эл аралык сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Аталган долбоор мектеп окуучуларынын IT-компетенцияларын жана санариптик билимин өркүндөтүүгө багытталган окутуу программасы болуп саналат.

Экинчи агымды  Бишкек шаарындагы №2, 31 жана 69 орто мектептердин 44 окуучусу нөлдөн баштап практикалык сабактар аркылуу маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект элементтерин үйрөнүп, программаны ийгиликтүү аякташты. 

Иш-чарага илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Медер Исраилов, Кемён университетинин өкүлдөрү (онлайн), Кыргызстан корейлеринин коомдук бирикмесинин (ООК КР) президенти Ким Ин Сен жана мектеп директорлору, орун басарлары катышышты.

Жыйында LUPIC долбоорунун маанилүүлүгү, анын адамдык капиталды өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиленип, долбоор билим берүү жана санариптик технологиялар жаатындагы узак мөөнөттүү жана туруктуу эл аралык өнөктөштүктүн ийгиликтүү үлгүсүн гана көрсөтпөстөн, анын алкагында замандын агымына карай эң зарыл окутуу курсу уюштурулганы айтылды.

Андан соң аталган долбоорго жаңыдан кошулуп жаткан Бишкек шаарындагы №68, №24 орто мектептери жана  №9 мектеп-гимназиясы менен меморандумга кол коюлду.

Аземдин соңунда жасалма интеллект жана санариптик көндүмдөр боюнча окуу курсунун экинчи агымын аяктаган   бүтүрүүчүлөргө  эл аралык сертификаттар тапшырылды.  

Добавить комментарий