2026-жылдын 28-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кытайдын «Жэньминь жибао» гезитинин башкы редакторунун орун басары Цуй Шисинь мырза баштаган делегация келди.
Топтун мүчөлөрүн мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев тосуп алып, Кытай Эл Республикасынын эң эски жана эң таасирдүү күнүмдүк гезиттеринин бири болгон «Жэньминь жибао» гезити менен кызматташуу — эки элдин маданият жана билим берүү системаларынын ортосундагы көпүрө болоорун, ал эми КУУнун студенттери дүйнөнүн эң мыкты адистеринен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушаарын белгиледи.
«Жэньминь жибао» гезитинин башкы редакторунун орун басары Цуй Шисинь мырза Кыргыз улуттук университети Борбордук Азиянын өзгөчөлүктөрүн терең түшүнгөн жогорку квалификациялуу адистерди даярдаарын белгилеп, «Биргелешкен долбоорлор жаңылыктар контентин бөлүшүүдөн баштап, журналисттер үчүн жаңы муундагы билим берүү программаларын ишке киргизүүгө чейин чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат», — деди.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити алдында болуп өткөн жолугушуунун андан аркы бөлүгүндө тараптар билим берүү, маалымат алмашуу, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана медиа тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Назаркул Ишекеев менен Цуй Шисинь мырза Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен «Жэньминь жибао» гезитинин ортосундагы кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Аталган документте КУУнун окутуучулары жана студенттери үчүн «Жэньминь жибао» гезитинин Пекиндеги башкы кеңсесинде стажировкалар, медиа корпорациянын алдыңкы адистеринин семинарлары жана лекциялары каралган. Тараптар о.э. медианы өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер, журналистикада жасалма интеллектти колдонуу жана «Бир алкак — бир жол» демилгесин чагылдыруу боюнча биргелешкен аналитикалык материалдарды жана изилдөөлөрдү жарыялоону көздөшөт.
Белгилей кетсек, Улуттук университет акыркы жылдары кытай тилин билген жана азиялык медиа менен иштөө өзгөчөлүктөрүн түшүнгөн кадрларды даярдоо боюнча алдыңкы хаб болуп саналат. 2025-2026-жылдары университет Кытай коомдук илимдер академиясы жана КЭРдин башка жогорку окуу жайлары менен кызматташууну кыйла активдештирди, ошондой эле «Жибек жолундагы диалог» («Диалог на Шёлковом пути») алкагында бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке киргизди. Ал эми «Жэньминь Жибао» Кытайдагы дүйнө жүзү боюнча эң кеңири кабарчылар тармагына ээ болгон белгилүү гезит.







