2026-жылдын 16-май күнү Улуттук университеттин студенттери менен кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Алар өздөрүнө бекитилген участоктордогу жер тилкелеринде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүшүп, имараттын ичиндеги дарскана, кабинеттерди иретке келтиришти жана панорамалык терезелерди жууп чыгышты.
Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди керектүү чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.













