2026-жылдын 13-майында аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин башкармалыгынын төрагасы – ректору Жансеит Туймебаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине иш сапары менен келди.

Ардактуу мейманды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев тосуп алып, университеттин жетишкендиктери жана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү — Кыргыз Эл баатырларынын галереясы менен тааныштырып чыкты.

Андан соң Жансеит Туймебаев чоң жыйындар залында Улуттук университеттин окутуучулары жана студенттери менен жолугушту.

КУУнун ректору өзүнүн куттуктоо сөзүндө кыргыз-казак элдеринин тарыхый достугу, маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгы бүгүнкү күндө жаңы нукта өнүгүп жатканын белгилеп, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, студенттер менен окутуучулардын алмашуу программаларын кеңейтүү, эки тараптуу өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүү — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети үчүн маанилүү багыт экенин айтты. Ректор о.э. Улуттук университетте Казакстандан келген 80ге жакын студент билим алып, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 12 студент окуп жатканын маалымдады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана байланыштарды чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Жансеит Туймебаевге “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору” наамы ыйгарылып, «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды.

Жансеит Туймебаев өз сөзүндө КУУнун жамаатын окуу жайдын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, бул тарыхый дата университет үчүн гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң ашуу экенин белгиледи. Ал о.э. дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан учурда атаандаштыкка туруштук берүү үчүн Борбор Азия университтери, анын ичинде кыргыз-казак окуу жайларынын кызматташтыгын күчөтүү зарыл экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен илимий, академиялык байланыш, өз тажрыйба алмашуу эки университеттин эле эмес, эки өлкөнүн байланыштарын бекемдейт.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдеп, жаштардын билим жана тажрыйба алмашуусун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын билдиришти.

Добавить комментарий