2026-жылдын 10-мартынан 27-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Универсиадасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Универсиада жогорку жана 1-лигага бөлүнүп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 21 командасы жогорку лигада күч сынашты. Командаларды машыктыруучулар тыкыр тандап, системалуу даярдашты. Ар бир спорттун түрү боюнча машыгуулар үзгүлтүксүз өттү. Жыйынтыгында спортчулар жогорку деңгээлдеги оюн көрсөттү. Командаларды даярдоодо Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт
кафедрасынын жетекчилиги чоң уюштуруучулук иш жүргүздү. Өзгөчө кафедра башчысы Абдыкеримов Шаршен тарабынан координациялоо иштери сапаттуу деңгээлде камсыздалды. Жыйынтыгында, Улуттук университет жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул жыйынтык машыктыруучулардын эмгегин жана спортчулардын аракетин так чагылдырат.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Универсиадасынын жабылуу аземи 2026-жылдын 27-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин спорт залында өттү. Иш-чарага Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрүн жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, КУУнун атынан илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек катышышты.

Универсиаданын жыйынтыгында өлкөнүн күчтүү 6 жогорку окуу жайлары аныкталып, орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун: Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы;
  • 2-орун: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • 3-орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • 4-орун: И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы;
  • 5-орун: К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
  • 6-орун: К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.

КУУнун окутуучулары Рыскулов Амангельды жана Сүйүнбаев Руслан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

(С) Гүлзат Токонова – ФАДТжС кафедрасынын башчысынын орун басары, ага окутуучу

Добавить комментарий