2026-жылдын 14-апрелинде Кыргыз филолгиясы факультетинде “Курсы кыргызского языка” аттуу окуу борборунун негиздөөчүсү жана кыргыз тилин экинчи жана чет тили катары окутуу боюнча уникалдуу методикалардын автору Виктория Кринвальд менен жолугушу болуп, ал “Кыргыз тилин кызыктуу жана натыйжалуу үйрөтүүнүн сырлары” аттуу конок лекция окуп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Иш-чаранын максаты – аталган факультеттин “Кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде” бөлүмүнүн студенттерин кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүүдөгү билимдерин жаңы ык-амалдар менен толуктап, практика жүзүндө иш алып барууга көнүктүрүү.
Баарлашуу түрүндөгү лекцияга илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, кыргыз филологиясы факультетинин деканы, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер активдүү катышышты. Лектор өз сөзүндө кыргыз тилин чет тили катары үйрөтүүдөгү автордук методикаларынын негизги артыкчылыктарына, багыттарына токтолуп, практика жүзүндө иш-алып барууда натыйжалуу мастер-класстары менен тааныштырды.
Талкуу бөлүгүндө студенттер башка улуттун өкүлү кыргыз тилин үйрөнүп, ошондой эле, кайра кыргыз тилдүү эмес жарандарды, КРге келген чет өлкөлүк студенттерди, конокторду, туристтерди окутуп жатканына кызыгышып, аталган темага байланыштуу бир нече суроолоруна жооп ала алышты. Мындан сырткары студенттер менен Виктория Кринвальд тил үйрөтүү боюнча натыйжалуу методикаларды талкуулашып, автор өзүнүн китептеринин артыкчылыктарына, өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Конок лекция интерактивдүү форматта уюштурулуп, андан соң суроо-жооп менен улантылды. Аталган конок леция катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, студенттердин мамлекеттик тилге карата сый-урматын, сүйүүсүн дагы бир жолу арттырып, кыргыз тилин баалоого, жайылтууга, өнүктүрүүгө үндөдү.
Иш-чаранын соңунда проректор Мырзабек Камчыбек уулу университеттин ректорунун атынан Виктория Кринвальдга ыраазычылык кат тапшырып, лектордун ишине ийгилик каалап, мындан кийин да кызматташууга чакырды.
Кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасы мындан ары да кыргыз тилин экинчи жана чет тили катары үйрөтүүгө багытталган иш-чараларды туруктуу өткөрүүнү уланта бермекчи.
(С) А.Имангазиева — окутуучу