2026-жылдын апрель айында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун өкүлдөрү: илим, билим берүү программары жана санариптештирүү иштери боюнча директордун орун басары Джунушалиева Б.А., «Информатика жана эсептөө техникасы» билим берүү программасынын ага окутуучусу Эстебесова Н.Т., «Прикладдык жасалма интеллект» кафедрасынын ага окутуучусу Омуралиева Б.Б., «Маалыматтык системалар жана технологиялар» билим берүү программасынын ага окутуучусу Мусуралиева Д.Э., «Маалыматтык коопсуздук» билим берүү программасынын ага окутуучусу Курбанбаева Т. жана «Прикладдык инженерия» билим берүү программасынын 3-курс студенти Карыпова А. Чүй облусунун Аламүдүн районунундагы К.Табалдинов атындагы Кара Жыгач орто мектебине барышып, кесипке багыт берүү иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларына институттун билим берүү багыттары, окуу процессинин өзгөчөлүктөрү жана заманбап адистиктер боюнча кеңири маалыматтар, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүндүрмө берилди.
Мындан тышкары, окуучуларга институт тууралуу маалымат камтылган маалыматтык буклеттер таратылып, алар аркылуу билим берүү программалары жана кабыл алуу шарттары боюнча кошумча маалыматтар жеткирилди. Жолугушуунун алкагында окуучулар тарабынан берилген суроолорго толук жооптор сунушталып, келечектеги кесип тандоого байланыштуу пайдалуу сунуштар айтылды.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим, билим берүү программары жана санариптештирүү иштери боюнча директордун орун басары