Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана окутуучу-профессорлору!
Сиздерди Эгемендүүлүк күнүнө удаа келген Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен ректораттын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
1-сентябрь — ар бирибиз учун өзгөчө күн. Бул күнү өлкөбүздүн билим берүү мейкиндиги жаңыча дем алып, жаш муундар үмүттүү кыялдарына дагы бир кадам таштайт.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — мекенибиздин тарыхый баалуулуктарын, илимий байлыктарын жана интеллектуалдык мурастарын сактап келе жаткан ыйык ордо. Бул жерде миндеген жаштар билим алып, элине кызмат кылууну максат кылышкан. Бүгүн ошол салтты улап, 1-курс студенттери билимдин даңктуу жолуна кадам таштаса, 4-курстар үчүн билим чокусун багындырган соңку окуу жылы башталат.
Азыр билим тармагында жаңы ачылыштар, өзгөчө ыкмалар пайда болуп жатат. Улуттук университет дагы замандан артта калбай, жаңы тажрыйбаларды колдонуп, студенттердин татыктуу жана сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүүдө. Окуу имараттары оңдоп-түзөөдөн өтүп, лабораториялар заманбап компьютерлер жана техникалык каражаттар менен жабдылып, материалдык-техникалык базабыз чыңдалууда. Көптөгөн окутуучуларыбыз жана адистерибиз алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүп, кесиптик квалификациясын жогорулатып келишти.
2025-жыл окуу жайыбыз үчүн өтө жемиштүү жылдардан болду. Анткени, Улуттук университет дүйнөлүк QS World University Rankings (QS WUR) рейтингине кирип, 1234-орунду ээледи. Бул 100 жылдык мааракесин белгилеп жаткан окуу жайыбыздын эл аралык аренадагы чоң жетишкендиги деп эсептейм.
Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу окутуучулары!
Сиздердин мээнетиңиздерден жаңы муундун тагдыры жаралат. Сиздер берген билим — жашоонун эң чоң байлыгы. Ар бир студенттин жүрөгүнө үмүт отун жагып, аларды ата-бабаларыбыздын ак жолуна үндөп, тарбиялап келатасыздар.
Ушул жаркын күнү баарыңыздарды жаңы окуу жылынын башталышы болгон Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм! Жаңы окуу жылы жаңы ийгиликтерге, жаңы ачылыштарга жана асыл максаттардын ишке ашышына толсун!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, география илимдеринин доктору, профессор Чонтоев Д.Т.
