2025-жылдын 13-ноябрында А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институту Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) келечекте урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплексин жайылтуу жана талкулоо үчүн кереге кеңеш өткөрдү.   

Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу ачып: «Бүгүнкү кереге кеңеш, пикир алмашуулар жетишпей жаткан кырларды талдап, көйгөйлөрдү аныктап, жаңы илимий-практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн зор мүмкүнчүлүк ачат деген ойдомун. Глобалдык тенденциялар жана улуттук өзгөчүлүктөрдүн айкалышын талкулоо аркылуу биз Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча орто жана узак мөөнөттүү стратегияларын жакшыртууга салым кошо алабыз»,- деди.   

Менеджмент жана бизнес институтунун директору Меримкуль Керимкулова ТӨМгө байланыштуу  бүгүнкү иш-чара башталышы экенин, алдыда дагы пландалган иштер бар экенин кошумчалады.

Отурум оффлайн-онлайн форматы менен уюштурулуп, БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн, Казакстандан Алматы гуманитардык-экономикалык   университетинен, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен, КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынан, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен өкүлдөр келип катышып, ТӨМ боюнча доклад жасашты.

БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Бактыбек Кайназаров жылдан жылга дүйнө жүзүндөгү калктын санынын өсүшүнөн улам келечекте  чоң көйгөйлөрдүн жаралашы, Туруктуу өнүгүү максаттарына жаштарды жигердүү катыштыруунун себептерине токтолду. 

Ал эми КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкарма төрагасынын кеңешчиси Салтанат Омурова  Туруктуу өнүгүү максаттары 2030-жылга чейин чакырык катары кабыл алынганын, ага чейин  Кыргызстанда ТӨМ боюнча мыкты  экперттердин чыгышы зарыл экенин баса белгилеп өттү.

Эскерте кетсек,  Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. 2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.

Добавить комментарий