Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери!

Сиздерди 31-август — Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана 1-сентябрь — Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

31-август — биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн! Кыргыз эли кыйчалыш кырдаалдардан өтүп, кыйынчылыктарды жеӊип, дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун тапты. Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Ата-бабалар бизге бейиштей ажайып кооз жерди, акактай тунук сууну, таза абаны, аскадай бийик адеп-ахлакты аманат кылып кетти. Алардын бизге калтырган аманаты — биз урпактарга жеткире турган милдет.

Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Урматтуу кесиптештер, жалпы студенттер жана Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курстун студенттери!

Улуттук майрамыбызга удаа келген Билим күнү биз үчүн салтанаттуу сааттардын, кубанычтуу күндөрдүн уландысы катары сезилет.

Кирип келген жаӊы окуу жылында баарыӊыздарга ийгиликтерди каалайм! Бул жыл дагы бүт бардыгыбызга көптөгөн жагымдуу сезимдер менен жаңы көз ирмемдерди алып келсин! Сиздерден ар дайым билимдин бийик чокуларына умтулууну, жаңы ачылыштарды жаратууну күтөм жана жаңы окуу жылында ден-соолук, ийгилик менен жеңиш алып келген куттуу күндөрдү, аманчылыкты каалайм!

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай” демекчи, анын ысык-суугуна чыдап, күн-түн дебей китепти колунан түшүрбөй окуп, изденгендерге ийгилик жылмайаары шексиз. Андыктан кыйынчылыктардан коркпогула, өзүңөргө ишенгиле, билимге умтулгула. Ошондо гана силерде баары аткарылат!

Окуу силер үчүн жеӊил жана кубанычтуу болсун. Ак тилектердин баары аткарылсын жана кыялдар орундалсын.

Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кирип келе жаткан удаалаш майрамыныздар менен куттуктап, ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалап, өзгөчө статус алган университетибиздин күндөн-күнгө өсүп, өнүгө беришине тилектешмин.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору

Төлөбек Абдырахманов

Добавить комментарий