2023-жылдын 20-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Ааламга таанылган улуттук мурас” аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чара мамлекеттик гимн менен башталып, факультет деканы Самат Токтогонов Ч.Айтматов жөнүндө кыскача баяндама жасады.
Кечеде студенттердин Ч.Айтматовго арналган автордук чыгармалары окулуп, улуу жазуучуга жана анын чыгармаларына арналган музыкалык номерлер жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Студенттердин КУУда тартылган видеотасмасы көрсөтүлгөн соң, залда отурган көрүүчүлөргө Kahoot программасынын жардамы менен суроо-жооп викторинасы өткөрүлүп, 1, 2, 3-орундар аныкталып, белектер берилди.
Доцент Кызай Зулпуева “Жырткычтын касиети” деген баяндамасында карышкыр менен адамдардын ортосундагы окшоштуктар жана айырмачылыктар жөнүндө айтып, Акбаранын адамдын баласын көтөрүп кеткенин мисал келтирип, “Карышкыр эч убакта баласын таштаган эмес. Силер да эч убакта балдарыңарды таштабагыла”, – деген акыл-кеңештери менен сөзүн аяктады.
Роза Айтматова кече жөнүндө өз оюн билдирип төмөндөгүлөргө токтолду: “Бүгүнкү кечеде кадимки такшалган артисттер аткаргандай болуп, кубанып отурдум. Таланттуу студенттерибиз көп экен. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү жеткиликтүү аткарышты. Бүгүнкү эскерүү кече абдан жакшы уюштурулуптур. Мен Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган көптөгөн жолугушууларга барып жатам. Бирок бул ийгилик жеңил эле келген жок, сыртынан караганда баары оңойдой сезилет”, – деп атасынын, өздөрүнүн кыйынчылык күндөрү жөнүндө кеңири айтып, студенттерди кандай оор күндөр, кыйынчылыктар болсо да жеңип, окууларын жакшы окуп, ийгиликтерди жаратышына чакырды.
Профессор Ажар Райымкулова эскерүү кечеси жөнүндө өз ойлорун айтып, өткөрүлгөн иш-чараны “факультеттеги эң жогорку тарбиялык иш-чара” деп баалады.
(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент