2023-жылдын 14-декабрь күнү социалдык гуманитардык илимдер институтунун социалдык кызмат багытынын 4-курс студенттери «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган искусство» аттуу иш чарага катышып келишти.
Жыйындын ардакту коногу коомдук ишмер, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер, физика-математика илимдеринин кандидаты Айтматова Роза Төрөкуловна Ч.Айтматовду эскерип, кызыктуу ангеме куруп берди.
Сүрөтчү, Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык «Ысык- Көл» коомунун вице-президенти Динара Жумабаева «Кристалл дүйнө» сүрөт көргөзмөсүн тартуулап, келген коноктордун жүрөгунө жылуу сезимдерди калтырды.
Иш чарада кызыктуу Ч.Айтматовдун чыргармалары жөнүндө викторина ойнотулуп, катышуучулар белектерге ээ болушту. Катышуучулар андан сырткары «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери уюштурган сүрөт, китеп көргөзмөсүнө күбө болушту.
(С) Батма Кошбакова – доцент