2023-жылдын 15-декабрында 5-окуу имаратынын жыйындар залында физика жана электроника, математика жана информатика факультеттери достукту жана ынтымакты чыңдоо максатында биргелешкен жаңы жылдык кече өткөрүштү.
Иш-чараны факультет декандары Самат Токтогонов менен Изат Усенов ачып, окутуучулар менен студенттерге каалоо-тилектерин айтышып, факультеттердин ортосундагы кызматташтык чыңдала берерин каалашты.
Андан кийин окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн студенттерге ардак грамоталар тапшырылды.
Окуудагы жана жашоодогу бардык темаларды камтыган майрамдык кече өтө терең, мазмундуу жана көлөмдүү болуп, көрүүчүлөргө көңүлдүү маанай тартуулады.
(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча физфактын деканынын орун басары, п.и.к., доцент