И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 4-курс студенттери филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Асаналиева Чынара менен биргеликте 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарындагы “Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо” борборунда болуп, балдарга жаңы жылдык белектерди (таттуу даамдар, мөмө-жемишетер, балатыны кооздоочу оюнчуктар, калем саптар, бойоочу кагаздар ж.б.) тартуулашты.

Балдар үйүндөгү жаш жеткинчектерге жаңы жылдык маанай тартуулоо, алардын жашоо шарты, абалы менен таанышуу максатында барган студенттердин бул демилгесин мекеменин жетекчиси Айнура Токтогонова ыраазычылык менен кабыл алды.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий