2023-жылдын 15-декабрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, социология илимдеринин кандидаты, доцент Алиясбек Алымкулов И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун жогорку кесиптик билим берүү бөлүмүнүн бакалавриатынын жана педагогикалык колледжинин студенттерине “Болочоктогу мугалимдердин мекенди сүйүү, атуулдук сезимдерин өнүктүрүү” деген темада конок лекция өттү.
Институттун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рахат Сулайманова ачып, лектордун өмүр баяны жана эмгек жолу менен тааныштырган соң, “Таазим“ деген даректүү фильм көрсөтүлдү. Тасмада апрель революциясында каза болгон баатырлардын, анын ичинде КУУнун окутуучусу Жолдош Кудайбергеновдун элеси берилди.
А. Алымкулов өз сөзүндө апрель күндөрү Ала-Тоо аянтын кан майданга айланып, кыргыздын октон кайра тартпаган 90го жакын атуулу жарык дүйнө менен коштошуп, 1500дөй адам жарадар болуп революция ишке ашканы, алардын көрсөткөн эрдиктери, канында “эркиндиктин” жалыны ойноп турган жалтанбас кайраты жөнүндө баяндама кылды. Лектор о.э. жаштарды мекенчилдик, сүйүү, үй-бүлө, ата-энени урматтоо, достук, аруулук сыяктуу жашоодо маанилүү болгон баалуулуктарга чакырды. Анткени, жаштык – Ата Мекенге болгон сүйүү сезимин тарбиялоонун эң жемиштүү мезгили.
Лекциянын жүрүшүндө окутуучулар, студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, алгылыктуу жоопторду алышты.
Жыйындын аягында ПКМДИнин директору Р.Т.Сулайманова А.Алымкуловго ыраазычылык кат тапшырды.
(С) Т.Ч. Абдылдаева – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин доценти