2026-жылдын 27-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине (КУУ) Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Зеки Североглу мырза баштаган делегация иш сапары менен келди.

Делегациянын курамында Бишкек шаарындагы Түрк тилин окутуу борборунун (ТӨМЕР) жетекчиси Абузер Кылынч жана анын орун басары Мехмет Алтынташ болушту.

Ардактуу конокторду университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев баштаган окуу жайдын өкүлдөрү тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк билим берүү кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, Түркиянын жогорку окуу жайлары менен өз ара тажрыйба алмашуу, академиялык алмашуу программаларын уюштуруу жана эки тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу, ТӨМЕР борборунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багыттары боюнча пикир алышты. Сапардын алкагында Зеки Североглу мырза университеттин жалпы ишмердүүлүгү менен таанышып, түрк тилин үйрөнүп жаткан студенттер менен жолугушту.