2026-жылдын 27-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Аскар Осмонкуловдун 100 жылдыгына арналган «Профессор Аскар Осмонкулов – кыргыз тилин окутуунун методикасы илиминин көрүнүктүү өкүлү» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу, Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, өлкөнүн жогорку окуу жайларынан келген белгилүү профессорлор, филология жана педагогика илимдеринин докторлору катышты.

Конференцияны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, иш-чара профессор Аскар Осмонкуловдун илимий-педагогикалык мурасын терең изилдөөгө, анын кыргыз тилин окутуунун методикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын баалоого жана эмгектерин азыркы билим берүү практикасына киргизүүнүн жолдорун талкуулоого багытталганын белгиледи.

Буга катар окумуштуунун «Кыргыз тилинин окумуштуу-методисттери жана тажрыйбалуу мугалимдери», «Кыргызстанда эл агартуу иштеринин жана эне тилине окутуунун тарыхынан», «Жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тилин окутуунун тарыхы», «Эне тилин окутуу тарыхынан» аттуу жана башка негизги илимий эмгектерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бүгүнкү күндө билим берүү системасы жаңыланып, санариптик технологиялар кеңири колдонулуп жаткан шартта да профессордун илимий мурасы өз актуалдуулугун жоготкон жок. Тескерисинче, анын эмгектери кыргыз тилин окутуунун методикасынын калыптануу жана өнүгүү тарыхын изилдөөдө, мугалимдердин кесиптик билимин өркүндөтүүдө жана окутуу тажрыйбасын байытууда маанилүү булак болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аскар Осмонкуловдун шакирттери да сөз сүйлөп, устатынын педагогикалык ишмердиги, инсандык сапаттары жана илимге кошкон салымы тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү. Алардын белгилөөсүндө окумуштуу өз  изденүүлөрү менен гана чектелбестен дайым жаш адистердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө да салымын кошкон. Республикалык конференциянын алкагында уюштурулган секциялык отурумдарда кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун актуалдуу маселелерине, тарыхына, окутуун  жана тарбиялоонун психологиялык-педагогикалык негиздерине байланышкан бир катар илимий баяндамалар жасалып, талкууланды.