2026-жылдын 26-ноябрында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида Салянованын катышуусунда студенттер үчүн конок лекция болуп өттү.

Иш-чараны факультеттин деканы Алмазбек Кадыр уулу конокту жылуу тосуп алып, студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүдө, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүдө жана келечектеги кесиптик багытын аныктоодо тажрыйбалуу инсандардын ой-пикирлери өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Лекциянын жүрүшүндө Аида Салянова адегенде адамгерчилик, проактивдүүлүк, бүтүндүк, инсандык баалуулуктар жана жашоодо туура максат коюу маселелерине кеңири токтолуп, андан кийин шахмат оюну менен мамлекеттик башкаруунун ортосундагы окшоштуктарга көңүл бурду. Анын айтымында, шахматтагы ар бир жүрүш алдын ала ойлонулган стратегияга, так эсепке жана жоопкерчиликке негизделгендей эле, мамлекетти башкарууда да ар бир чечимдин өзүнүн мааниси жана келечекке тийгизген таасири бар экендигин белгиледи.

Ошондой эле жаштарга кайрылып, адамдын ийгилиги бир гана билим же кызмат менен өлчөнбөстөн, анын адамгерчилиги, ички бүтүндүгү, принциптерине бекемдиги жана коом алдындагы жоопкерчилиги менен аныкталарын белгиледи.

Лекциянын маанилүү бөлүктөрүнүн бири жаштардын алдына так максат коюу, демилгелүү болуу, өз жашоосу үчүн жоопкерчиликти алуу жана ар дайым өзүн өнүктүрүүгө умтулуу темалары болду.

Жолугушуунун соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, спикер менен ачык пикир алмашышты. Конок лекция жаштар үчүн турмуштук тажрыйба алуу, өз баалуулуктары жөнүндө ой жүгүртүү жана келечекке болгон максаттарын тактоо мүмкүнчүлүгүн түздү.

Мындай мазмундуу жолугушуулар студенттердин инсандык өнүгүүсүнө, жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга жана келечектеги мамлекеттик башкаруу адистери катары калыптанышына өбөлгө түзөт.

(С) Джапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары