2026-жылдын 26-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Профессор Рахат Ачылованын илимий мурасы жана “Уңгужол” мамлекеттик доктринасынын алкагында Кыргыз Республикасында философия жана социология илимдеринин өнүгүү келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, академиктер Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, профессорлор Сулайман Кайыпов, Роза Акназарова, Жолборс Жоробеков, Өскөнбай Козубаев, Жамгырбек Бөкөшов, Мариям Эдилова, окумуштуунун уулу Адам Бейшеналы, кызы Самаргүл Адамкулова, илимий коомчулуктун өкүлдөрү жана КУУнун Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жамааты катышты.
Конференцияны ачып жатып, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев профессор Рахат Ачылованын ата мекендик философия жана социология илимдеринде өзгөчө орунду ээлерин, анын илимий ишмердүүлүгү, изилдөөлөргө кошкон салымы жана коомдук позициясы өлкөбүздүн интеллектуалдык мурасынын маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Ошондой эле окумуштуу Кыргызстандагы алгачкы социологиялык лабораториянын негиздөөчүсү жана жетекчиси болгонун маалымдады.
Эл өкүлү Камила Талиева өз сөзүндө окумуштуунун кыргыз аялдарынын коомдогу ордун жогорулатуу, алардын билим алуусуна жана коомдук-саясий турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүү багытындагы эмгегин өзгөчө белгиледи. Мындан тышкары, анын демилгеси жана жетекчилиги менен ЮНЕСКОнун колдоосунда «Ислам жана аялдар» аттуу эл аралык форум өткөрүлгөнүн, анда коом үчүн маанилүү маселелер көтөрүлгөнүн эске салды.
Конференциянын жүрүшүндө Рахат Ачылованын алгачкы кандидаттык диссертациясы улуттар аралык нике маселесине арналганы жана бул эмгек ошол кездеги СССРдин илимий чөйрөсүндө кызуу талкуу жараткандыгы белгиленди. Ошондой эле окумуштуунун улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды урматтап, дайыма улуттук кийим кийип жүргөнү, Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору жана Айыл чарба институтунун кафедра башчысы катары эмгектенгени тууралуу айтылды.
Мындан тышкары профессор 1995–2000-жылдары саясий ишмердүүлүк менен дагы алектенип, Жогорку Кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаты болгондугу белгиленди.
Иш-чаранын расмий бөлүгүнө КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу модераторлук кылды.
Илимий-практикалык конференциянын алкагында эки секция иштеп, анда окумуштуулар жана изилдөөчүлөр тарабынан бир катар илимий баяндамалар жасалып, философия менен социология илимдеринин актуалдуу маселелери, алардын өнүгүү келечеги жана Рахат Ачылованын илимий мурасынын бүгүнкү күндөгү мааниси талкууланды.
Маалымдама:
Рахат Ачылова 1941-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, ал эми 1966-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасын аяктаган.