Математика жана информатика институтунун жалпы жамааты ,,Колдонмо информатика» билим берүү программасынын улук окутуучулары Азим Джундубаев менен Рысбек Ыкыновдорду билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү ишмердүүлүгү, ак ниет эмгеги, өлкөбүздүн жаштарынын прогрессивдү илим-билим алуусунда кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Ардак грамотасынын ээси болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга чың ден соолук, мындан аркы албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.
Бүгүнкү жетишкендик — агайларыбыздын көп жылдык үзүрлүү, үзгүлтүксүз жана талыкпаган эмгегинин жыйындысы . Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланган эки агайыбыз маалыматтык технологиялар тармагында өз орду бар, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистер, мыкты программистер.
Агайларабызды татыктуу сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, дагы көптөгөн ийгиликтерге жетише бериңиздер!
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент