2026-жылдын 25-ноябрь күнү Журналистика жана коммуникация институтунда Кыргызстан Журналисттер союзунун «Журналисттер кербени» долбоорунун алкагында кесиптик жолугушуу уюштурулду. Иш-чара журналисттердин тажрыйбасын жаш муунга өткөрүп берүү, кесиптин бүгүнкү абалын жана келечегин талкуулоо, журналисттик билим менен практиканын байланышын чыңдоо максатын көздөдү.

Институттун директору Ширин Костюк аталган долбоордун билимдин, илимдин жана маданияттын ордосу болгон Кыргыз улуттук университетинен башталып жатканы чоң сыймык жана тарыхый окуя экенин белгиледи.

Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө журналистика тармагындагы көп жылдык эмгеги, кесиптик жетишкендиктери, билим берүү жана медианын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн институттун бир катар кызматкерлерине «Ардактуу журналист», «Мыкты журналист» сыйлыктары жана Кыргызстан Журналисттер союзуна мүчөлүккө кабыл алуу күбөлүктөрү тапшырылды.

«Ардактуу журналист» төш белгиси менен профессорлор Абдыганы Халилов жана Айна Дуйшекеева, ал эми «Мыкты журналист» төш белгиси менен ага окутуучу Лира Калчаева жана окутуучу Бегимай Керимова сыйланышты.

Экинчи бөлүгү «Журналисттер кербени» долбоорунун максатына жана журналистикадагы тажрыйба алмашууга арналды. Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев, журналист жана теле алып баруучу Чынара Капарова, спорт журналисти Кабыл Макешов, журналисттер Гаарба Орозматов, Мырзакат Тыналиев жана Айбек Бийбосунов журналистиканын бүгүнкү абалы, кесиптин келечеги, журналист болуунун талаптары жана профессионалдык жоопкерчилик тууралуу студенттер менен пикир бөлүшүштү.

“Кыргыз Туусу” гезитинин редактору Мырзакат Тыналиев журналистика коом алдындагы жоопкерчилиги жогору кесип экенине токтолуп, маалыматтын ишенимдүүлүгү, журналисттин кесиптик этикасы жана заманбап медиа чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө даяр болуу зарылдыгы тууралуу сөз кылды. Ал журналисттердин кесиптик биримдигинин мааниси, тажрыйбалуу журналисттер менен жаш адистердин байланышын чыңдоо жана журналисттик коомчулукту бириктирүү багытындагы демилгелер тууралуу да ой бөлүштү.

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалымат системалары факультетинин деканы Чынара Капарова журналисттин аудитория менен байланыш түзүүсүндө кеп техникасы, дикция, үн, интонация жана риторикалык жөндөмдөрдүн маанисин белгиледи. Анын пикиринде, туура, так жана таасирдүү сүйлөө жөндөмү журналисттер үчүн гана эмес, коомчулук менен иштеген ар кандай кесиптин өкүлдөрү үчүн да маанилүү көндүмгө айланып бара жатат. Кеп маданияты, ойду так жеткирүү жана аудиториянын алдында сүйлөө жөндөмү адистин кесиптик сапатын аныктоочу факторлордун бири экендигин белгиленди.

Кабыл Макешов спорт журналистикасындагы көп жылдык тажрыйбасына таянып, тармактык журналистиканын маанилүүлүгүнө токтолду. Ал журналист белгилүү бир тармакты терең өздөштүрүп, анын терминологиясын, өзгөчөлүктөрүн, тарыхын жана өнүгүү тенденцияларын билүүгө тийиш экенин белгиледи. Спорттук журналистика мисалында адистешүүнүн, маалыматты терең талдоонун, фактыларды так берүүнүн жана журналисттин үзгүлтүксүз изденүүсүнүн мааниси тууралуу пикирлер айтылды. Кабыл Макешов спорт журналистикасында көп жылдардан бери эмгектенип, Олимпиада оюндарын жана башка ири спорттук мелдештерди чагылдырган, ошондой эле спорт темасында бир катар китептердин автору болуп саналат.

Жолугушуу студенттер үчүн журналистиканын ар кыл багыттарында эмгектенип келген тажрыйбалуу адистер менен түз баарлашууга, кесиптик суроолорду талкуулоого жана журналисттик ишмердүүлүктүн практикалык жактары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.

«Журналисттер кербени» долбоору журналисттердин муундар аралык байланышын чыңдоого, кесиптик тажрыйбаны жайылтууга жана журналистика тармагындагы диалогду өнүктүрүүгө багытталган.

(С) П.Джаныбекова — адис