2026-жылдын 20-ноябрында Биология факультетинин ботаника жана өсүмдүктөр физиологиясы кафедрасында «Биотехнология» адистиги боюнча билим алып жаткан биринчи курстун студенттери үчүн иш-чара уюштурулду. Анда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык алмашуу программалары жана студенттик стартаптар тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө кафедра башчысы, доцент У.Ж.Мырзабекова, профессор Н.Т.Жапаралиев, доцент Т.Т.Юсупов жана улук окутуучу К.Т.Солпиева сөз сүйлөштү. Алар студенттерге окууларында ийгилик, активдүү студенттик жашоо жана кесиптик өнүгүү каалап, университеттеги жылдардын маанилүүлүгүн баса белгилешти, аларды университет тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга, жаңы билимдерге умтулууга жана максаттарына жетүү жолунда ишенимдүү кадам таштоого үндөдү.
Программанын өзгөчө бир бөлүгү эл аралык билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө арналды. Түштүк Кореядагы академиялык алмашуу программасына катышып келген төртүнчү курстун студенттери А.Алтымышева, Э.Асылбекова, Н.Нуртаева жана К.Мелисбеков чет өлкөдө жашоо жана билим алуу боюнча өздүк тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар видеоматериалдарды көрсөтүп, документ тапшыруу тартиби, тандоо этаптары, окуу программасынын өзгөчөлүктөрү, экзамен системасы жана чет өлкөдөгү студенттик турмуш тууралуу айтып беришти. Магистратуранын биринчи курсунун студенти Н.Самарова да презентация жасап, Россия Федерациясындагы «Жайкы университет» (Summer University) аттуу эл аралык билим берүү программасына катышуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал программага кабыл алуу процесси, сунушталган багыттар жана студенттердин ага катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында бакалавриаттын үчүнчү курсунун студенттери тарабынан иштелип чыккан, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана чыгармачыл идеяларды ишке ашырууга багытталган студенттик стартап-долбоорлор да көрсөтүлдү.
1. «Glasses» — мектептердеги биология лабораториялары үчүн микроскоптук препараттарды (айнекчелерди) даярдоого багытталган долбоор (авторлору: Нурадин Торобеков жана Шахноза Максутова);
2. «Nature’s Legacy» — жоопкерчиликтүү керектөөнү жана айлана-чөйрөгө кам көрүүнү жайылтуу максатында экологиялык таза соода баштыктарын өндүрүүгө багытталган долбоор (авторлору: Баян Кыдырмышова, Аскана Косимжанова жана Адинай Алымкулова).
Жыйындын соңунда төртүнчү курстун студенттери биринчи курстун студенттерин Эл аралык студенттер күнү менен куттуктап, аларга университеттеги кызыктуу күндөрдү, тандап алган кесиптерин өздөштүрүүдө ийгиликтерди жана көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү каалашты. Бул иш-чара ар кайсы курстагы студенттер үчүн тажрыйба алмашууга, эл аралык билим берүү программалары тууралуу маалымат алууга жана жаңы жетишкендиктерге шыктануу табууга аянтча болуп берди. Мындай жолугушуулар биринчи курстун студенттерине факультеттеги мүмкүнчүлүктөрдү тереңирээк түшүнүүгө, өз дараметин ачууга, ошондой эле кесиптик жана жеке өнүгүү келечегин элестете билүүгө жардам берет.
(С) Мырзабекова У.Дж. — ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент



