2026-жылдын 24-ноябрында Кесиптик бирлик комитети тарабынан университеттин факультеттеринин, институттарынын жана колледждеринин студенттери арасында «Билимдүүлөр беттеши» аталышындагы интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Аталган иш-чара студент жаштардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү, билимге болгон кызыгуусун арттыруу, логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле студенттер арасында достук мамилелерди, өз ара кызматташтыкты жана командалык иш алып баруу маданиятын бекемдөө максатында уюштурулду.
Иш-чаранын ачылыш аземинде алгач сөз сүйлөгөн Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков катышуучуларды интеллектуалдык таймаштын башталышы менен куттуктап, мындай демилгелер студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, алардын коомдук активдүүлүгүн арттырууга жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи жана бардык командаларга ийгилик каалап, студенттик демилгелерди колдоо Кесиптик бирлик комитетинин ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири экендигин баса белгиледи.
Андан соң университеттин илимий иштер боюнча проректору Камчыбек уулу Мырзабек куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө, илим-билимге болгон кызыгуусун арттырууга жана алардын жөндөмдөрүн ар кандай багыттарда сынап көрүүсүнө шарт түзгөн иш-чаралардын маанисине токтолду. Ошондой эле катышуучуларга ийгилик каалап, «Билимдүүлөр беттеши» интеллектуалдык таймашын расмий түрдө ачып берди.
Интеллектуалдык таймашка университеттин 14 түзүмдүк бөлүмүнөн, тактап айтканда факультеттерден, институттардан, колледждерден жана студенттик жатаканадан жалпы 14 команда катышты. Алар:
- Эл аралык колледж — «Таймурас» командасы;
- Экономиканын жогорку мектеби (ВШЭ) — «Баланс» командасы;
- Кыргыз-Европа факультети — «Зиректер» командасы;
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети — «Келечек ээлери» командасы;
- Педагогикалык институт — «Эрудитум» командасы;
- Кыргыз-Кытай институту — «Apex» командасы;
- Кесиптик колледж — «Зээндүүлөр» командасы;
- Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети — «312» командасы;
- Юридикалык институт — «Акыйкат» командасы;
- Тарых жана чөлкөм таануу институту — «Баласагын» командасы;
- №7 студенттик жатакана — «Санжыра» командасы;
- География, экология жана туризм факультети — «Аалам кербени» командасы;
- Биология факультети — «Чырак» командасы;
- Чет тилдер институту — «Кербенчилер» командасы.
Таймашт үч турдан туруп, ар бир этап катышуучулардын билим деңгээлин, жалпы дүйнө таанымын, логикалык ой жүгүртүүсүн, тез чечим кабыл алуу жөндөмүн жана командалык биримдигин аныктоого багытталды. Оюндун жүрүшүндө командалар ар түрдүү багыттагы суроолорго жооп берип, өздөрүнүн интеллектуалдык даярдыгын жана тапкычтыгын көрсөтүштү.
Үч турдун жыйынтыгы боюнча командалардын топтогон упайлары эсептелип, жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкү командаларга ыйгарылды:
- I орун — «Санжыра» командасы (№ 7 студенттик жатакана);
- II орун — «Чырак» командасы (Биология факультети);
- III орун — «Акыйкат» командасы (Юридикалык институт).
Муну менен катар катышуучулардын жекече жана командалык жетишкендиктерин белгилөө максатында бир катар атайын номинациялар да тапшырылды:
- «Мыкты команда» — «Apex» командасы (Кыргыз-Кытай институту);
- «Мыкты капитан» — Адылдабекова Гүлзар;
- «Мыкты оюнчу» — Самудинова Сезим.
Байгелүү орундарды ээлеген командаларга тиешелүү даражадагы дипломдор жана кызыктыруучу белектер тапшырылып, атайын номинациялардын жеңүүчүлөрү да сыйланды.
Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө бардык командалар жогорку активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү. Ар бир команданын капитандарынын уюштуруучулук жөндөмдөрү, катышуучулардын өз ара колдоосу жана бирдиктүү аракеттери таймаштын мазмундуу жана кызыктуу өтүшүнө шарт түздү.
«Билимдүүлөр беттеши» интеллектуалдык таймашы университеттин студенттик жашоосун жандандырууга, жаштардын интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын ачууга, алардын лидерлик сапаттарын калыптандырууга жана университет ичиндеги факультеттер аралык байланышты чыңдоого багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө, алардын кызыкчылыктарын колдоого жана студенттик демилгелерди ишке ашырууга багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат. Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкон бардык кызматкерлерге, ыктыярчыларга, командалардын жетекчилерине жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бардык студенттерге окууда, илимий изденүүлөрдө жана коомдук ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалайбыз.
(С) Аманов Марсел — Кесиптик бирлик комитетинин жаштар менен иштөөчү жетектөөчү адиси