2026-жылдын 24-ноябрында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине келип, Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери менен жолугушту.
Ардактуу конокту КР Эл жазуучусу Абдиламит Матисаков, институттун директору Ширин Костюк, профессор Садык Алахан жана «Жетиген» журналынын башкы редактору Абдуламит Жумашев тосуп алып, Абдиламит Матисаковдун ысымын алып жүргөн кабинет менен таанышты.
Аталган кабинетте Кыргызстандагы жаш жазуучуларды, журналисттерди жана чыгармачыл жаштарды бириктирген «Матисаков мектебинин» мүчөлөрү билим алып, адабият, журналистика жана чыгармачылык боюнча атайын сабактар, мастер-класстар өткөрүлүп келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Абдыганы Эркебаев өзүнүн «Адабият дүйнөсүн аңтарып…» жана «Бар бол, Адабият!» аттуу китептерин институттун адабий ийримине белекке тапшырды.
Андан соң академик студенттер менен эркин баарлашып, адабият, журналистика, улуттук маданият тууралуу ой бөлүштү. Ал өзүнүн коомдук-саясий ишмердүүлүгү менен катар чыгармачылыкты да үзгүлтүккө учуратпай, жазууга дайыма убакыт бөлүп келгенин, жазуу бар жерде адабият жоголбошун, адам өз оюн кагазга түшүрүү аркылуу турмуштук окуяларга тереңирээк талдоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк аларын баса белгиледи. Ошондой эле жаштарды үзгүлтүксүз окуп, жазып, өз ойлорун эркин жана сабаттуу билдирүүгө үндөдү.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Абдиламит Матисаков Абдыганы Эркебаевдин бай чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүгүнө токтолду. Анын 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Басма сөз жана маалымат министри болуп эмгектенгенин дагы белгилеп, адабиятка болгон кызыгуусу жана чыгармачылык изденүүсү жаш кезинен башталганын айтып өттү. Алсак, Абдыганы Эркебаев 2-курстан тартып эле адабий-сын макалаларын жана рецензияларын «Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты» гезиттерине, «Ала-Тоо» журналына, ошондой эле Москванын «Литературное обозрение» журналына жарыялап, адабий чөйрөгө эрте таанылган.
Жолугушууда «Матисаков мектебинин» жаш калемгерлеринин чыгармачылыгына да өзгөчө көңүл бурулду. Алардын аңгемелеринен түзүлгөн «Миң булак» аттуу китептин үчүнчү чыгарылышын жарыкка чыгаруу пландалып жатканы маалымдалды. Мындан тышкары жаш авторлордун чыгармалары «Жетиген» журналына да үзгүлтүксүз жарыяланып келет. Бул демилгелер жаш калемгерлердин чыгармачылык дараметин өстүрүүгө, алардын адабий чөйрөгө аралашуусуна жана окурмандарга таанылуусуна өбөлгө түзүүдө.
Баарлашуу учурунда студенттерге улуттук адабиятты терең үйрөнүү, кыргыз тилинин байлыгын баалоо, руханий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча баалуу кеңештер берилди. Ошондой эле ар бир чыгармачыл инсан өзүнүн эмгегин таанытуу үчүн өзү да аракет кылып, тынымсыз изденүүдө болушу керектиги белгиленди. Жолугушуунун соңунда студенттер ардактуу конокко өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, адабият жана коомдук турмуш боюнча пикир алышты.