2026-жылдын 19-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (КТЖИИ) жана Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) тарабынан «Билим берүү жана илимий-изилдөө мейкиндигин кеңейтүүдө жасалма интеллекттин таасири жана ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Гибриддик (офлайн жана онлайн) форматта өткөрүлгөн иш-чарада КТЖИИ директору Амантур Рыспаев модераторлук кылды. Конференциянын ачылышында төмөнкү ардактуу коноктор жана жетекчилер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү:
- Мырзабек Камчыбек уулу – КУУнун илимий иштер боюнча проректору;
- Шинъя Танака – KRJCнин япон тараптан тең төрагасы;
- Тошинобу Усуяма – Япониянын Цукуба университетинин профессору (онлайн);
- Тацуя Танимото – Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин экинчи катчысы;
- Нишигата Котаро – Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү.
Пленардык жыйында Кыргызстандын жана Япониянын алдыңкы окумуштуулары, профессорлору жана ири IT-компаниялардын өкүлдөрү жасалма интеллекттин заманбап мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндамаларды жасашты:
- Сачико Ёкои — Осака университети (Япония): «Экинчи тилде жазуу кебин ЖИ аркылуу өнүктүрүү»;
- Михайлов Дмитрий Михалович — КТЖИИнин профессору: «Илимий изилдөөлөр үчүн ЖИнин фундаменталдык моделдери жана архитектурасы»;
- Ямамото Хироши — Канадзава университети (Япония): «Тарыхый хроникаларды изилдөөдө генеративдик ЖИни колдонуу»;
- Хата Такахиро — Digital Knowledge институту (Япония): «Генеративдик ЖИнин билим берүүдөгү келечеги»;
- Панков Павел Сергеевич — УИАнын мүчө-корреспонденти: «Билим берүү тармагында ЖИни колдонуунун маңызы»;
- Сабитов Баратбек Рахманович — КТЖИИнин профессору: «Агрардык жана экологиялык системаларды математикалык жана нейрондук моделдөө»;
- Баялиев Улан — «AI» компаниясынын директору: «Role of AI in Building the Kyrgyz Language Corpus».
Конференциянын экинчи бөлүгүндө иш эки негизги секцияда улантылды:
- «Фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдөгү интеллектуалдык технологиялар жана жасалма интеллект моделдери» (жетекчиси – Рыспаев А.О.). Бул секцияда кыргыз тилиндеги тил моделдерин сыноо, улуттук оймо-чиймелерди генерациялоо, маалыматтык коопсуздук, демографиялык божомолдоо жана климаттын өзгөрүшүн талдоо боюнча 14 баяндама жасалды.
- «Билим берүүнү жана персоналдаштырылган окутууну санариптик трансформациялоо» (жетекчиси –Нуржанова С.А.). Секцияда билим берүү, санариптик саламаттыкты сактоо, тарыхый сүрөттөрдү реставрациялоо жана программалык камсыздоону иштеп чыгууда ЖИни колдонуу боюнча 7 илимий иш каралды.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды.