2026-жылдын 18-ноябрында География, экология жана туризм факультетинин туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын “Туризм” багытындагы 3-курс студенттеринин арасында “Чүй облусунун туристтик-рекреациялык объектилерин изилдөө жана туристтик маршрут түзүү” деген темада илимий-изилдөө конкурсу болуп өттү.
Сынак студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу, илимий-изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүү жана Чүй өрөөнүнүн туристтик объектилерин ачып берүү, о.э. келечектеги адистерди аймактык туризмди өнүктүрүүгө багытталган жаңы, креативдүү маршруттарды иштеп чыгууга шыктандыруу максатында уюштурулду.
Конкурстун алкагында студенттер Чүй облусунун тарыхый-маданий эстеликтери, жаратылыш парктары, эс алуу жайлары жана экотуризмге ылайыктуу аймактары боюнча терең изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Катышуучулар өздөрү иштеп чыккан автордук туристтик маршруттардын карталарын, экономикалык эсептөөлөрүн жана презентацияларын калыстар тобуна көрсөтүп, активдүү катышкан студенттерге сертификат тапшырылды.
(С) Абыкеева Аида — илимий иштер боюнча декандын орун басары