2026-жылдын 19-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жайгашкан орто кылымдардагы «Төрткүл» (Кочкор башы) шаар чалдыбарына барып, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окумуштуу-тарыхчылары менен студенттери жүргүзүп жаткан казуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев менен казуу-изилдөө иштеринин жетекчиси, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев депутат айымга 2024-2025-жылдары XI кылымга таандык коомдук мончо (хамамм), карапа идиштери жана коло тыйындар, ал эми 2026-жылы тегерек формадагы устакана ачылганы тууралуу маалымат беришти.
Камила Талиева КУУнун жетекчилери менен Төрткүл шаар чалдыбарын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү боюнча ойлору менен бөлүшүп, андан кийин Улуттук университет кураторлук кылган Ак-Жар айылындагы Бейшенбек Иманалиев атындагы орто мектепте ЮНЕСКО менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Сергек жашоо мунөзу” протраммасынын алкагында “Сергек жашоо образы жана жеке өнүгүү боюнча” ресурстук борбордун ачылыш аземине катышты.
Иш-чараларда о.э. кадрдык саясат жана адам ресурстарын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев менен Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана инклюзивдик билим берүү борборунун жетекчиси Рано Кутанова болушту.