2026-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Лейлек килемдери» аттуу фестиваль-жарманкенин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Аталган маданий иш-чарага Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 1–4-курстарынын студенттери жана кураторлору катышты.

Фестиваль КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен элдик усталардын эмгегин колдоо, Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана жайылтуу максатында уюштурулган.

Ачылыш аземинде К.Талиева Лейлек жергесинде жасалган нукура килемдердин улуттук маданияттагы өзгөчө ордун жана бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун белгиледи. Фестивалдын алкагында 300дөн ашык улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулган. Анда Лейлек килемдери, жайнамаздар, чапандар, туш кийиздер жана башка улуттук буюмдар коюлган. Көргөзмөдөгү ар бир эмгек кыргыз элинин кылымдардан бери муундан муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүк салтын, улуттук көркөм табитин жана чеберчилигин чагылдырат.

Студенттердин мындай маданий иш-чарага катышуусу алардын улуттук тарыхты жана маданий мурастарды тереңирээк таанып-билүүсүнө, ата-бабаларыбыздан жана энелерибизден калган баалуулуктарды урматтоосуна өбөлгө түздү. Айрыкча, улуттук кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышуу жаш муундардын тарыхый аң-сезимин калыптандырууда жана маданий мурасты сактоого болгон жоопкерчилигин арттырууда маанилүү.

(С) Турсуналиева А. — «Чөлкөм таануу жана кыргызтаануу» кафедрасынын окутуучусу