Урматтуу студенттер!
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кесиптик бирлик комитети сиздерди 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Студенттик курак – адамдын жашоосундагы эң жаркын, изденүүгө, билим алууга, жаңы максаттарды коюуга жана келечекке ишенимдүү кадам таштоого толгон өзгөчө мезгил.
Сиздерге бекем ден соолук, окууңуздарга ийгилик, түгөнбөгөн дем-күч, бийик максаттарга жетүүдө өжөрлүк жана жаркын келечек каалайбыз!
Университетибизде билим алуу менен бирге достукту, ынтымакты, өз ара сый-урматты жана биримдикти бекемдеп, коомдун өнүгүшүнө салым кошкон билимдүү, демилгелүү жана жоопкерчиликтүү жаштардан болуңуздар.
Студенттердин интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү, алардын ортосунда достук мамилелерди, ынтымакты жана командалык биримдикти чыңдоо максатында, кесиптик бирлик комитети тарабынан 24-ноябрда студенттер арасында интеллектуалдык QUIZ оюну өткөрүлөт.
Бул иш-чара студенттерибиздин билим деңгээлин, тапкычтыгын, логикалык ой жүгүртүүсүн жана командалык иш алып баруу жөндөмүн көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болот. Бардык студенттерди активдүү катышууга жана өз күчүн сынап көрүүгө чакырабыз!
Биз сиздердин ар тараптуу өнүгүүңүздөргө, демилгелериңиздерге жана студенттик жашоону мазмундуу уюштурууга мындан ары да биргеликте колдоо көрсөтөбүз.
Сиздер – университетибиздин бүгүнкү деми, эртеңки сыймыгы жана өлкөбүздүн келечегисиздер!
Студенттик жылдарыңыздар унутулгус көз ирмемдерге, ийгиликтерге жана жагымдуу жаңылыктарга бай болсун!
Майрамыңыздар кут болсун!
* * *
Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик бирлик комитети