Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери, магистранттары, аспиранттары жана докторанттары!
Сиздерди 17-ноябрь — Студенттердин эл аралык күнү менен чын ыкластан куттуктайм!
Студенттик жылдар — адамдын жашоосундагы эң жаркын, эң кайталангыс жана эң кызыктуу доор, жаңы билимдерге, кызыктуу ачылыштарга толгон өзгөчө учур. Студенттик кезде алынган билим – келечек жашоонун пайдубалы: билим канчалык терең, күчтүү болсо, пайдубал да ошончо бекем болот.
Ошондуктан мен сиздерге чың ден соолук, окуудагы жана илимдеги чоң ийгиликтерди каалайм. Алган билимиңиздер келечекте эл үчүн кызмат кылып, чоң бийиктиктерди багындырууга өбөлгө болсун. Көздөгөн бийик максатыныздарга жетип, келечекте элибиздин кадырлуу, билимдүү жана кесипкөй адиси болуңуздар. Жүрөктөгү от өчпөй, жаштыктын кубаты ар дайым жанып турсун!
Урматтуу Улуттук университеттин студенттери!
Өлкөбүздөгү миңдеген жаштар сыяктуу эле 100 жылдан ашуун тарыхы бар, Манас ордендүү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери да заманбап билимге ээ болгон, жаңы технологияларды өздөштүргөн, билимдүү, илимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштар катары коомубузда өз ордун табууда. Алар окууда эле эмес, маданият, спорт жана башка чөйрөлөрдө да чоң ийгиликтерге жетишүүдө. Биз мындай студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана алардын мындан ары да бийик максаттарды багындырышына ишеним артуу менен алардын терең билим алып, ар тараптан өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзөбүз.
Бул багытта жаңы жыл алдында өлкө Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулуп бүткөн 16 кабаттуу окуу-жатакана комплексинин ачылышы күтүлүп жатканын, о.э. университетибиз Азия университеттеринин QS рейтингине кирип, Азиянын 26 өлкөсүнүн 1720 университеттеринин арасында татыктуу 415-орунду, ал эми Борбордук Азия университеттеринин арасында 26-орунду ээлегенин белгилеп кетүгө болот.
Урматтуу студенттер!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Сиздер канчалык билимдүү болсоңуздар, аалам ошончолук жарык, жолдоруңуздар ошончолук ачык болот!
Терең урматоо менен,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев