Эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Экономиканын жогорку мектебинин өкүлдөрү илимий-педагогикалык тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүктүн алкагында конок лекцияларды окуу максатында 2026-жылдын 9-13 ноябрь күндөрү Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарындагы Улуттук илимдер академиясында иш сапары менен болушту.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айганыш Апышевна Саякбаева менен Экономиканын жогорку мектебинин финансы кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Бегайым Султаналиева Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын магистранттары жана аспиранттары үчүн заманбап финансылык-экономикалык илимдин актуалдуу багыттары боюнча конок лекцияларды өткөрүштү.
Профессор Айганыш Апышевна Саякбаева «Глобалдык экономикалык чакырыктардын шартында финансылык илимдин өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары жана финансылык системалардын трансформациясы» аттуу темада лекция окуду, ал эми доцент Бегайым Султаналиева «Санариптик экономиканын шартында финансылык сабаттуулук жана атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоонун инновациялык ыкмалары» аттуу темада лекция окуду.
Өткөрүлгөн лекциялар жаш изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун жаратып, кесиптик диалог жүргүзүүгө, пикир алмашууга жана финансылык-экономикалык илим менен билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого өбөлгө түздү.
Бул иш сапардын өзгөчө маанилүү жагы — Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен илимий жана билим берүү байланыштарын чыңдоого болгон кызыгуусу болду. Кабыл алуучу тараптын расмий чакыруусунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, илимий тажрыйба алмашуунун жана биргелешкен изилдөө иштерин кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленген.
Академиялык мобилдүүлүк Кыргызстан менен Тажикстандын илимий жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга, академиялык алмашууну өнүктүрүүгө жана илимий кадрларды даярдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү, илимий байланыштарды чыңдоону жана ата мекендик жогорку билим берүү тармагынын эл аралык академиялык мейкиндиктеги аброюн жогорулатууну улантууда.
(С) Секиева Р.А. — финансы кафедрасынын башчысы, доцент