Математика жана информатика институтунун жалпы жамааты “Академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д, профессор Бекболот Канетовду көп жылдык үзүрлүү илимий-педогогикалык ишмердүүлүгү, мамлекетибиздеги илимдин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы, илимий изилдөөлөрдөгү жетишкендиктери, о.э. өлкөбүздөгү Илим күнүнө байланыштуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин “Илимдин мыктысы“ төш белгисине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден соолук, мындан аркы албан-албан илимий ийгиликтерди каалайт.

Профессор Бекболот Канетов жаңы илимий багыттарды өнүктүрүүгө, илимий ой жүгүртүүнүн калыптанышына жана билимдин интеллектуалдык потенциалын арттырууга өз салымын кошуп келген көрүнүктүү математик-окумуштуу катары белгилүү. Айрыкча, анын жаш изилдөөчүлөрдү илимге тартуу ,алардын илимий дараметин өнүктүрүү тажрыйбасы жана билими өзгөчө урмат-сыйга татыктуу.

Сыйлыгыңыз кут болсун, урматтуу Бекболот Эменович! Сиздин илимий жолуңуз, эмгегиңиз жана тажрыйбаңыз кийинки муундар үчүн үлгү болуп, дагы көптөгөн ийгиликтерге шыктандыра берсин!

Белгилей кетсек, Бекболот Канетов —Scopus Хирш индекси h=11, улуттук университеттин скопустагы хирш индекси боюнча биринчи орунда, КУУнун “Journal of Modern Mathematical Studies “журналынын башкы редактору. О.э. ал бүгүкү күнгө чейин 5 илимдин кандидатын чыгарып, 3 илимдин докторун жана 7 илимдин кандидатын даярдоо үстүндө эмгектенип жатат.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент