2026-жылдын 8–14-ноябрь күндөрү Чет тилдер институтунун өкүлдөрү Германиянын Фридрих-Александр атындагы Эрланген-Нюрнберг университетинде (FAU) өтүп жаткан эл аралык жумушчу программага катышты.

Иш сапар «Түштүк Кавказдагы жана Борбордук Азиядагы эл аралык билим берүү тармагы» (NIE-SCCA-EdSp) аттуу эл аралык долбоордун алкагында уюштурулган. Долбоор Германия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын университеттерин бириктирип, жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, академиялык байланыштарды чыңдоого жана тажрыйба алмашууга багытталган.

Программанын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык билим берүү маселелери боюнча илимий семинарларга, эксперттик талкууларга, жумушчу жолугушууларга жана биргелешкен окутуу (Team-Teaching) сабактарына катышууда. Семинарлардын негизги спикерлеринин бири — долбоордун жетекчиси, FAU университетинин профессору, доктор Анатоли Рахкочхин.

Ошондой эле өнөктөш университеттер тарабынан иштелип чыккан билим берүү модулдарына өз ара эксперттик баалоо жүргүзүлүп, окуу программаларын өркүндөтүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана академиялык демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланууда.

Программанын алкагында 11–13-ноябрь күндөрү долбоордун натыйжаларын баалоо, эл аралык академиялык тармакты өнүктүрүү жана Erasmus+ Capacity Building программасынын алкагында келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Чет тилдер институтунун бул долбоорго катышуусу окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн кесиптик потенциалын жогорулатууга, магистрдик билим берүү программаларын өркүндөтүүгө, ошондой эле студенттер жана окутуучулар үчүн эл аралык академиялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, NIE-SCCA-EdSp долбоору Германиянын Академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) колдоосу менен Германиянын Федералдык тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланат.

 (С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары