Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана иновациялар министрлигинин 2026-жылдын 26-сентябрындагы №395 катынын негизинде 2026-жылдын 13–ноябрында 6-окуу корпусундагы 5 дарсканада география, экология жана туризм факультетинин студенттерине жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, жол кыймылынын эрежелеринин сактоо маданиятын жогорулатуу жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында конок лекция өткөрүлдү.
Сабакты Бишкек шаарынын милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын КДТнын тескөөчүсү, милициянын майору Д.А.Молдобаева жана кайгуул кызмат башкармалыгынын УКБнын тескөөчүсү улук лейтенант Ж.З.Абдыбеков өткөрүштү. Кызматкерлер жол коопсуздугун сактоо, жол эрежелерин бузуу жана ага эскертүүлөр, жол кырсыгынын кесепетинен кандай кырсыктар болуп жаткандыгы тууралуу видео роликтерди көрсөтүп, жол эрежесин бузган жарандарга кандай чаралар көрүлөрүн айтып беришти. Унаа айдаган адамдын жана жөө жүргүнчүлөргө тийиштүү мыйзамдарды да түшүндүрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө МАИ кызматкерлеринин негизги аткаруу кызматтарын, жол эрежесин көзөмөлдөп жаткан кызматкер жана жөнөкөй жаран дагы кырсыкка кабылбаш үчүн күүгүм кирген учурда же кечкисин кандай түстөгү кийим кийиш керек экендигин айты. Жол эрежесин сактоо адам өмүрүн коргойт. Ар бир айдоочу өзүнөн жана жолдогу башка адамдардын коопсуздугу үчүн жооптуу экенин эскертишти.
Жыйынтыгында студенттер кызматкерлерге кызыккан суроолорду берип, жоопторун алышты.
(С) Байсеитова М.Р. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары