2026-жылдын 13-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Алматы шаарындагы Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин (QyzPU) делегациясы иш сапары менен келди.

Делегациянын курамында Социалдык-гуманитардык илимдер жана искусство факультетинин деканы, PhD доктору, доценттин милдетин аткаруучу Бакытжан Сапаров, илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча декандын орун басары, PhD доктору, доценттин милдетин аткаруучу Айдана Женис кызы Ержанова жана Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, социология илимдеринин кандидаты, доцент Султанкожа Амитов болду.

Ардактуу конокторду КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректору Алайбек Шамшиев тосуп алды.

Жолугушууда Алайбек Шамшиев Казакстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу Кыргыз улуттук университети үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал эки элди жалпы тарыхый тамырлар, тилдик жана маданий жакындык, ошондой эле билим берүүгө болгон орток көз караш бириктирип турарын айтып, Казак улуттук кыздар педагогикалык университети педагогикалык кадрларды даярдоодогу таанымал окуу жайлардын бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуунун келечегин талкуулап, төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти:

  • студенттердин, магистранттардын жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү;
  • социалдык-гуманитардык илимдер багытында биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу;
  • биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий журналдарда макалаларды жарыялоо;
  • педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу.

Алайбек Шамшиев университеттер аралык кызматташтыктын негизги баалуулугу адамдардын ортосундагы байланышта экенин айтып, студенттердин өнөктөш өлкөлөрдө билим алуусу жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусу университеттердин ортосундагы байланышты чыңдоо менен бирге, эки элдин достук мамилелерин бекемдөөгө да өбөлгө түзөрүн айтты.

Өз кезегинде Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин өкүлдөрү жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки окуу жайдын ортосундагы жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Өз ара урматтоонун, достуктун жана ачык пикир алышуунун негизинде өткөн жолугушуу кыргыз-казак академиялык байланыштарын чыңдоодогу дагы бир маанилүү кадам болду. Тараптар диалогду улантып, өнөктөштүктү конкреттүү долбоорлор менен бекемдөө боюнча макулдашышты.