2026-жылдын 10-13-ноябрында Ж.Баласагын атындагы КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундузгүл Базакеева Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы университеттеринин биргелешкен өнүгүү жана коллаборация форуму, ошондой эле жогорку билим берүү жаатында аймактык кызматташуу боюнча симпозиумга катышты.
Форумга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын алдыңкы ЖОЖдорунун жетекчилери катышып, иш-чарага жогорку эл аралык статус берип, натыйжалуу диалог аянтчасын түздү.
Форумдун алкагында проректор куттуктоо сөзү менен чыгып, катышуучуларды Ж.Баласагын атындагы КУУнун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Катышуунун маанилүү жыйынтыгы катары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Түндүк-Батыш политехникалык университетинин (Сиань ш., КЭР) ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болду. Меморандум студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүнү, биргелешкен илимий долбоорлорду жана билим берүү программаларын ишке ашырууну карайт.
КУУнун бул форумга катышуусу жогорку билим берүү тармагында кыргыз-кытай кызматташтыгын чыңдоодо жана Кытай менен Борбордук Азиянын алдыңкы ЖОЖдору менен өнөктөштүктү кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.