2026-жылдын 12–15-ноябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарында Дүйнөлүк кытай тили конгресси болуп өттү. Эл аралык маанидеги иш-чарага дүйнөнүн 160 мамлекетинен билим берүү тармагынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, дипломаттар, окумуштуулар жана Конфуций институттарынын директорлору катышты.

Конгресстин ачылыш аземине КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хан Чжэн, билим берүү министри Хуай Цзинпэн, ошондой эле бир катар мамлекеттердин билим берүү министрлери, элчилер, университеттердин ректорлору жана Конфуций институттарынын жетекчилери катышты.

Кыргызстандын делегациясынын курамында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев жана университетке караштуу Конфуций институтунун директорлору Жылдыз Усенбаева менен Цзя Цзинфан болду.

13-ноябрда Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Синьцзян педагогикалык университетинде өткөн Конфуций институтунун XV отурум кеңешмеси өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө институттун жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2027-жылга карата иш пландары талкууланып, бекитилди.

Дүйнөлүк кытай тили конгрессинин алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУга караштуу Конфуций институту 2027-жылдын «Дүйнөлүк мыкты HSK экзамен борбору», жана Конфуций классы «Эң мыкты өнөктөш» наамына ээ болду. Ошондой эле институттун жигердүү ишмердүүлүгү жана эл аралык кытай тилин жайылтууга кошкон салымы үчүн «HSK – Кытайда билим алуу» эл аралык альянсынын курамына киргизилди.

Аталган альянска Кытайдын 20 алдыңкы жогорку окуу жайы жана чет өлкөлөрдүн 16 билим берүү мекемеси менен уюму кирди. Алардын катарында Пекин университети, Пекин аэронавтика жана космонавтика университети, Пекин технологиялык университети, Фудань университети, Харбин технологиялык институту, Чыгыш Кытай педагогикалык университети, Хуачжун илим жана технология университети, Цзилинь университети, Ланьчжоу университети, Нанкин университети, Шанхай Цзяотун университети, Тяньцзинь университети, Тунцзи университети, Ухань университети, Сиань Цзяотун университети, Сямэнь университети, Чжэцзян университети, Кытайдын илим жана технология университети ж.б университеттери, ошондой эле Казакстандын Абылай хан атындагы Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университети, Лаостун Улуттук университети, Германия, Россия,Филиппин, Камбоджия, Малайзия, Монголия, Морокко, Тайланд, Вьетнам билим берүү мекемелери бар. Кыргызстан альянста Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институту аркылуу өкүлчүлүк кылат.

Альянстын ачылыш аземинде КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, университеттин ишмердүүлүгү, эл аралык байланыштары жана Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, 15-ноябрда Догдурбек Чонтоев дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 13 эл аралык эксперт жана окумуштуу катышкан кеңешме-жыйынга катышты. Алардын арасында Кытайдын билим берүү министринин мурдагы орун басары Лю Лиминь, Италиянын Рим университети, Беларустун мурдагы вице-премьер-министри Анатолий Тозик жана Түштүк Кореянын Конфуций институттарынын бириккен кеңешинин президенти Ким Хён Чхоль сыяктуу эл аралык билим берүү тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү болду.

Дүйнөлүк кытай тили конгрессине катышуу, эл аралык альянстын курамына кирүү жана жогорку сыйлыкка ээ болуу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык деңгээлде маанилүү жетишкендик болуп саналат. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү, илим жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле университеттин эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

(С) Жылдыз Усенбаева — КУУнун алдындагы Конфуций институтунун директору