2026-жылдын 12-ноябрында Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кеңешчиси Зеки Североглу менен жолугушту.
Бакыт Келдибеков Зеки Североглуну жооптуу кызматка жаңыдан дайындалышы менен куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө, билим берүү тармагындагы байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга ишеним артаарын билдирди.
Маектешүү учурунда кыргыз-түрк билим берүү байланыштарын чыңдоо, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студенттер жана окутуучулар үчүн алмашуу программаларын кеңейтүү, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, тараптар алдыдагы мезгилде өз ара байланыштарды үзгүлтүксүз улантып, конкреттүү багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
(С) Журабаева Чынар — Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин жетектөөчү адиси