Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы, доцент Наргүл Осмонова жана доцент Жүрсүн Орозалиева академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2026-жылдын 9-13-ноябрь күндөрү Алматы шаарындагы Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде болушту.

Иш сапар учурунда Наргүл Осмонова “Азыркы кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин поэтикалык сапаты”, ал эми Жүрсүн Орозалиева “Көркөм текстке көп өлчөмдүү анализ жүргүзүү” деген аталыштагы мааниси терең лекцияларын окушту.

(С) Н.Турдубаева — Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары