2026-жылдын 11-ноябрында Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн ЛТ-1-24 тайпасынын студенттери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде уюштурулган «Маданият күнү» аттуу маданий иш-чарага катышышты.
Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Тышкы байланыштар офиси тарабынан уюштурулуп, ар түрдүү улуттардын маданий мурастарын кеңири таанытуу, маданияттар аралык кызматташтыкты бекемдөө жана жаштар арасында өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү максатын көздөдү.
Иш-чаранын алкагында КУУнун Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин жетектөөчү адиси Журабаева Чынар жетектеген студенттер ар кайсы элдердин улуттук маданияты, каада-салттары, үрп-адаттары жана баалуулуктары менен жакындан таанышып, маданий тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Аталган иш-чара студенттер үчүн жаңы маданий чөйрөнү таанып-билүүгө, эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданияттар аралык коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү тажрыйба болду.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети студенттердин академиялык жана маданий өнүгүүсүнө багытталган мындай иш-чараларга катышуусун колдоп, жогорку окуу жайлар ортосундагы достук жана кызматташтык байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берет.
(С) Журабаева Чынар — Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин жетектөөчү адиси